Кыргызстандын ИДПсынын көлөмү 1 трлн сомдон ашты
15 сентябрь

Кыргызстандын ИДПсынын көлөмү 1 трлн сомдон ашты

Кыргызстанда ички дүң продукт (ИДП) алдын-ала баалоо боюнча, 2025-жылдын январь-августунда өткөн жылдын январь-августуна салыштырмалуу 11,0 %га жогорулап, 1 триллион 42,1 млн сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти. 

Маалыматка ылайык, өнөр жай өндүрүшүнүн өсүшү 2024-жылдын январь-августуна салыштырмалуу фармацевтикалык продукциялардын (2,2 эсеге), тамак-аш азыктарын (суусундуктарды кошкондо) жана тамеки азыктарын өндүрүүнүн (44,4 пайызга), жыгачтан жана кагаздан жасалган буюмдарды өндүрүүнүн, полиграфиялык ишмердүүлүк продукцияла-рынын (32,9 пайызга), резина, пластмасса буюмдаррын жана курулуш материалдарын өндүрүүнүн (32,2 пайызга), химиялык продукциялардын (22,8 пайызга), текстиль өндүрүшүнүн, кийим өндүрүрүшүнүн (7,1 пайызга), ошондой эле пайдалуу кендерди казууда (15,5 пайызга) көбөйүшү  менен камсыздалды.

Оң тенденциялар курулушта байкалды, мында көлөмдөрдүн көбөйүшү 34,8 пайызды, дүң жана чекене соода – 11,6 пайызды, ошондой эле айыл чарбасы – 2,4 пайызды түздү.