Кыргызстан менен Венгрия бизнес-турларды жана ишкерлердин өз ара сапарларын уюштуруу пландарын талкуулашты
15 сентябрь

Кыргызстан менен Венгрия бизнес-турларды жана ишкерлердин өз ара сапарларын уюштуруу пландарын талкуулашты

КР СӨП вице-президенти Толкунай Таалайбекова Венгриянын Кыргызстандагы элчиси Дороги Шандор менен жолугушту. Бул тууралуу уюмдан кабарлашты.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар 2025-2026-жылдарга бизнес-турларды жана ишкерлердин өз ара сапарларын уюштуруу пландарын, ошондой эле венгриялык компаниялардын 2025-жылдын 24-25-октябрында Бишкек шаарында өтө турган Кыргызстан ЭКСПО-2025 эл аралык көргөзмөсүнө катышуусун талкуулашты.

Курулуш, айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы, текстиль жана энергетика сыяктуу артыкчылыктуу тармактарда кызматташуунун келечегине өзгөчө көңүл бурулду.

Тараптар өз ара пайдалуу өнөктөштүктү мындан ары өнүктүрүүгө даяр экендиктерин билдиришти.