
Кыргызстандагы аарычылык жана сүт багытындагы мыктылар аныкталды
Аарычылык жана Европадан алып келинген уйлардан сүттү мол алган чемпиондор аныкталды, деп билдирет Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы.
Маалыматка ылайык, Рахат Токталиев Нарын облусунун Ат-Башы, Нарын райондорунда таза бал алуу үчүн көчүп конуу менен чогултуп “Ат-Башы ак балын” өндүрүп келет.
Ал 2024-жылы 8 тонна бал өндүргөн, анын 60% экспортко кеткен.
Ат-Башы ак балынын өзгөчүлүгү нукура таза бал болуп эсептелет. Рахат мырза балдын 2 түрүн өндүрөт, Эспарцет балы жана тоо гүлдөрүнөн алынган балды.
Ал эми Михаил Зуев жогорку продуктивдүү “Голштин” породасындагы малды өстүрүүгө адистешкен “Крепость” дыйкан-фермердик чарбасынын жетекчиси. Даниядан жана Германиядан тандалган элиталык бодо мал чарбага эки этапта киргизилген.
Учурда чарбада төмөнкүлөр бар: Голштино-фриз породасындагы 40 уй, жана 43 музоо — бул малдын тукуму. “Крепость” ДФЧ европалык респонденттик үйүрдү көзөмөлдөө системасын колдонот. Система реалдуу убакыт режиминде иштейт жана жазат: уйлардын физикалык абалы, Аңчылык фазалары, рацион жана тамактануу деңгээли.