Инвестициялар боюнча агенттик өлкө ишкерлери менен жолугушууларды өткөрөт
15 январь

Инвестициялар боюнча агенттик өлкө ишкерлери менен жолугушууларды өткөрөт

КР президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик Кыргызстандын башка облустарынын ишкерлери менен жолугушууларды өткөрүүнү пландаштырууда.

Бул жолугушуулардын максаты-мамлекет менен бизнестин ортосундагы ачык диалог. Тараптар ишкердикти өнүктүрүүгө тиешелүү актуалдуу маселелерди, ошондой эле ишкердик демилгени өнүктүрүүгө жолтоо болгон көйгөйлүү маселелерди, анын ичинде ишкердик субъекттеринин укуктарын сактоону талкуулай алышат.

Жолугушууларда ишкерлер инвесторлорду ийгиликтүү издөө үчүн бизнес-планды кантип жазуу керектиги, инвесторлор үчүн преференцияларды түзүү жана МЖӨ механизми жөнүндө, тиешелүү ыйгарым укуктуу органдар тарабынан негизсиз текшерүүлөрдөн Ишкерлердин укуктарын коргоого багытталган ченемдик-укуктук база менен таанышуу, ошондой эле мамлекет тарабынан бизнес-чөйрөнү мыйзам деңгээлинде колдоо чаралары, жүргүзүлүп жаткан реформалар жана административдик жол-жоболорду жөнөкөйлөтүү жөнүндө кеңири маалымат ала алышат.

Бизнес өкүлдөрү менен жолугушуу жер-жерлерде болуп жаткан көйгөйлөрдү так чагылдырып, аларга өз убагында жооп берүүгө мүмкүндүк берет.