Свердлов облусунун ишкерлери Кыргызстанга бизнес-миссия менен келет
15 январь

Свердлов облусунун ишкерлери Кыргызстанга бизнес-миссия менен келет

2025-жылдын 13-январында Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы башкы консулу Максат Тентимишов Свердлов областынын эл аралык жана тышкы экономикалык байланыштар министринин орун басары О. Александрин менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасы менен Свердлов облусунун ортосундагы соода-экономикалык, инвестициялык жана маданий-гуманитардык байланыштарды өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл буруп, 2025-жылга карата кызматташуунун негизги багыттарын талкуулашты.

Талкуунун негизги маселелеринин бири 2025-жылдын 2-6- мартына белгиленген Свердлов областынын ишкерлеринин Кыргыз Республикасына бизнес-миссиясын даярдоо болду. Аталган сапардын алкагында мамлекеттик органдардын, ошондой эле кыргыз бизнесинин өкүлдөрү менен түз байланыштарды түзүүгө жана өнөр жай, айыл чарба, логистика , энергетика жана туризм тармактарында кызматташуунун келечектүү багыттарын талкуулоого багытталган жолугушууларды өткөрүү пландаштырылууда .

Тараптар ошондой эле 2025-жылга карата биргелешкен иш-чараларды уюштуруу жана катышуу маселелерин талкуулашты. «САНКУР» санаториялык-курорттук дарылоо тармагындагы мекемелердин форумун уюштурууга жана Свердлов областынын профсоюздар федерациясынын делегациясынын Кыргызстанга пландаштырылган иш сапарына өзгөчө көңүл бурулду. Форум курорттук дарылоо, медициналык туризм жана ден соолукту чыңдоо жаатында тажрыйба алмашуу үчүн маанилүү аянтча болуп калат.

Тараптар кызматташтыкты тереңдетүүгө өз ара кызыкдарлыгын билдиришип, пландалган демилгелерди ишке ашыруу үчүн биргелешип иштөөнү улантууну макулдашышты.