2024-жылы мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн Ветеринардык кызмат 216 млн сом чогулткан
14 январь

2024-жылы мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн Ветеринардык кызмат 216 млн сом чогулткан

2024-жылы Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринардык кызматтын атайын эсебине мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдөн 216 миллион сомдон ашуун акча каражаты түшкөн.

Ветеринардык кызматтын 2024-жыл үчүн атайын эсепке коюлган планы 91 688,0 миң сом болсо, жыл аягында план 216 785,0 миң сомго аткарылган.

Анын ичинен:

  • эмгек акыга – 130 071,0  миң сом,
  • социалдык фондго – 22 437,3 миң сом,
  • киреше салыгына –  13 007,1 миң сом жумшалды..