Кыргызстан менен Кытай ШКУ алкагында бизнес өнөктөштүгүн чыңдоодо
17 июль

Кыргызстан менен Кытай ШКУ алкагында бизнес өнөктөштүгүн чыңдоодо

Шанхай Кызматташтык Уюмунун бизнес-форумунун алкагында КРнын Соода-өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариев Бүткүл кытайлык өнөр жай жана соода федерациясынын (АСФИК) төрагасы Гао Юнлонг мырза менен жолугушуу өткөрдү.

Тараптар Кыргызстан менен Кытайдын ишкерлеринин кызматташуусунун артыкчылыктуу багыттарын талкуулашты, анын ичинде:

  • биргелешкен инвестициялык долбоорлорду иштеп чыгуу,
  • соода мамилелерин кеңейтүү,
  • «Бир алкак, бир жол» демилгесинин алкагында бизнести колдоонун жаңы инструменттерин түзүү.

Ошондой эле эки өлкөнүн бизнес-коомчулугунун өнөктөштүгүн чыңдоого багытталган ишкердик байланыштарды активдештирүү жана бизнес-миссияларды өткөрүү мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.

Жолугушуу конструктивдүү кырдаалда өтүп, экономикалык кызматташтыкты тереңдетүүгө тараптардын өз ара кызыкдарлыгын ырастады.