Кадамжайда заманбап цех суткасына 500 кг мөмө-жемиш өндүрүүдө
Кадамжай районунун Масалиев айыл аймагында жеке ишкердин демилгеси менен «Мөмө-жемиштерди кургатуучу цех» ишке берилди. Долбоордун алкагында 3,5 млн сомго оңдоо иштери жүргүзүлүп, заманбап жабдуулар орнотулду. Цех үчүн айыл өкмөтү атайын имарат бөлүп берген.
Бул долбоор жергиликтүү экономиканын өнүгүшүнө салым кошуп, айылдык ишкердикти колдоого жана 5 туруктуу жумуш ордун түзүүгө өбөлгө болду. Учурда цехте жергиликтүү тургундардан 25 сомдон сатып алынган кара өрүк жууп-тазалоодон өтүп, атайын аппараттарда кургатылат жана таңгакталып сатылат.
Цехте бир суткада орто эсеп менен 500 кг кургатылган мөмө-жемиш өндүрүлөт. Даяр продукция ички рынокко гана эмес, башка мамлекеттерге да экспорттолот.
Мындан тышкары, цехте алманы тазалап, кесүүчү станок орнотулган. Ал аркылуу даяр кесилген мөмө-жемиштер кургатылып, негизинен компот жасоого ылайыктуу продукция чыгарылат.Бир килограмм кара өрүктөн кургатылгандан кийин 3 кг даяр продукция алынат.
Цехтин негизги максаты – жергиликтүү мөмө-жемиштерди кайра иштетүү аркылуу алардын сапатын жогорулатып, ички жана тышкы рыноктордо сатуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү. Сырьё Масалиев, Уч-Коргон жана Майдан айыл аймактарындагы тургундардан келишимдик негизде сатып алынып, бул жергиликтүү фермерлер үчүн кошумча киреше булагын камсыз кылат.
