Кыргызстанга рак сымал деңиз азыктарынын импорту дээрлик 79% га азайды
Сүрөт ачык булактардан алынды
22 июль

Кыргызстанга рак сымал деңиз азыктарынын импорту дээрлик 79% га азайды

2026-жылдын алгачкы беш айында Кыргызстанга 3,2 тонна рак сымал деңиз азыктары импорттолду.

2025-жылдын январь–май айларына салыштырмалуу импорттун көлөмү 78,7%га азайды. Өткөн жылдын ушул эле мезгилинде өлкөгө 15 тонна мындай продукция алынып келинген.

Импорттун жалпы наркы 2,4 млн сомду, же 27,8 миң АКШ долларын түздү. Доллардык эсепте көрсөткүч 63,1%га төмөндөгөн.

Импорттун негизги бөлүгү Орусиядан келген – 2,9 тонна, жалпы суммасы 25,8 миң доллар. Кытайдан 0,3 тонна рак сымал деңиз азыктары 1,4 миң долларга импорттолгон.

Мындан тышкары, Франциядан 600 долларлык чакан партия алынып келинген.