Кыргызстан менен Германия туристтик өнөктөштүгүн кеңейтүүдө
2026-жылдын 4-мартында Берлин шаарында ITB Berlin 2026 эл аралык туристтик көргөзмөсүнүн алкагында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Туризм департаменти Кыргыз Республикасынын жана Германия Федеративдүү Республикасынын туроператорлору үчүн расмий кабыл алууну уюштурду.
Иш-чара Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги менен Deutscher Reiseverband (DRV) ортосундагы өз ара түшүнүшүү жана стратегиялык кызматташуу жөнүндө меморандумду ишке ашыруу максатында өткөрүлдү. Аталган меморандумга Президент Садыр Жапаровдун 2024-жылдын 25–27-ноябрында Германияга болгон расмий иш сапарынын алкагында кол коюлган.
Иш-чараны Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Туризм департаменти жана Германиянын Туризм ассоциациясы (DRV) Кыргыз Республикасындагы Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду, Кыргызстандын туристтик уюмдар ассоциациясы (КАТО) менен бирге GIZдин «Жашыл экономика» долбоорунун колдоосу менен уюштурушту.
Иш-чаранын ачылышында куттуктоо сөздөрү менен Германиянын Туризм ассоциациясынын (DRV) президенти, Кыргызстандын Германиядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Омурбек Текебаев, Германиянын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Моника Ленхард, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Туризм департаментинин директору Эрденет Касымов, «Кыргыз Республикасындагы туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду» ААКнын башкы директору Адилет Джанузаков жана Кыргызстандын туристтик уюмдар ассоциациясынын президенти Айша Мамбеталиева сөз сүйлөштү.
Иш-чарага Германия Федеративдүү Республикасынын туризм тармагынын, тармактык ассоциацияларынын жана туризм боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынын 300гө жакын өкүлү катышты.
Кабыл алуунун алкагында Кыргыз Республикасынын туристтик потенциалына, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына, ошондой эле Чыңгыз Айтматов атындагы юбилейлик Эл аралык Ысык-Көл форумуна арналган презентациялар өткөрүлдү.
Бул иш-чара ишкердик байланыштарды кеңейтүүгө, өнөктөштүк мамилелерди чыңдоого, ошондой эле Кыргыз Республикасынын туристтик потенциалын Европа рыногунда мындан ары да жайылтууга шарт түздү.
