2024-жылы Фитосанитардык сертификатты берүүдөн 32 млн сомдон ашуун каражат чогулду
23 январь

2024-жылы Фитосанитардык сертификатты берүүдөн 32 млн сомдон ашуун каражат чогулду

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин атайын эсебине 2024-жылдын 12 айынын жыйынтыгы менен мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн республика боюнча 48 млн 593,9 миң сом акча каражаты түштү. Анын ичинен: 

  • Фитосанитардык сертификатты берүүдөн – 32 млн 592,9 миң сом; 
  • Лабораториялык экспертиза жана изилдөө жүргүзүүдөн (карантин лабораториясы) – 6 млн 623,5 миң сом;
  • Карантинге алынуучу продукцияларды, каражаттарды жана кампа жайларды зыянсыздандыруудан – 3 млн 788,5 миң сом; 
  • Химиялык жана биологиялык иштетүүдөн – 3 млн 112,7 миң сом; 
  • Анализ жана текшерүү жүргүзүүдөн (токсикология лаборатория) – 2 млн 476,3 миң сом.