Эмгек министри: Бир жылда 45 миңден ашуун жумуш орду түзүлдү
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Равшанбек Сабиров "Караван Инфого" билдиргендей, өткөн жылы министрлик министрлер кабинетинин жумушчу орундарды түзүү боюнча бекиткен планын ашыгы менен аткарган.
Анын маалыматына караганда, 2024-жылы 38 миң 71 жаңы жумуш ордун түзүү пландаштырылган.
Анын ичинен төмөнкүлөрдүн алкагында:
- социалдык о контракт – 23 миң жумуш орду,
- акы төлөнүүчү коомдук кызмат – 14 миң 172 жумуш орду,
- жеке ассистент кызматтары– 919 жумуш орду.
"2024-жылдын аягына карата социалдык контракт түзгөн жарандардын саны 22 миң 426 адамды түзүп, кошумча 10 миң 513 жумушчу орун түзүлдү. Жумуш менен камсыз кылуу кызматтар тарабынан жүргүзүлгөн коомдук иштерге 12 миң 410 жаран тартылган. Жеке ассистенттердин саны 500 адамга жогорулады. Жалпысынан 2024-жылы министрликтин компетенциясынын алкагында 45 миң 849 жумуш орду түзүлдү. Ал эми өсүш бекитилген болжолдон 117% түздү", - деди министр.
