Словакиянын премьер-министри Өзбекстанга келди
9 июнь

Словакиянын премьер-министри Өзбекстанга келди

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин чакыруусу менен 8-июнда Словакиянын премьер-министри Роберт Фико өлкөгө расмий сапар менен келди.

Жогорку даражалуу мейманды Ташкент эл аралык аэропортунан Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов жана башка расмий адамдар тосуп алышты.

Сапардын негизги иш-чаралары 9-июнда өтөт.

Жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө өзбек-словакиялык көп тармактуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү маселелери талкууланат.

Соода, инвестиция жана инновациялар, айыл чарба, өнөр жай, энергетика, туризм сыяктуу артыкчылыктуу багыттар боюнча өнөктөштүктү кеңейтүүгө өзгөчө көңүл бурулат. Алар ошондой эле уюшкан эмгек миграциясы, маданий-гуманитардык жана билим берүү чөйрөлөрүндөгү өз ара аракеттенүү маселелерин карап, эл аралык күн тартибинин түрдүү аспектилери, анын ичинде көп тараптуу иш-чараларда өз ара колдоо көрсөтүү боюнча пикир алмашат.