Комитетте кыргыз-кытай достугунун көпүрөсүн куруу жөнүндө мыйзам долбоору каралды
Бүгүн, 21-январда Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында Министрлер кабинетинин төрагасы тарабынан демилгеленген «2024-жылдын 26-сентябрындагы Пекин шаарында кол коюлган КР Министрлер Кабинети менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы кыргыз-кытай достугунун көпүрөсүн куруу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» мыйзам долбоору биринчи окууда каралды.
Мыйзам долбоорун Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Талантбек Солтобаев тааныштырды. Анын айтымында, Келишимде Ош облусунун Алай районундагы Ош – Сары-Таш – Эркештам автожолунда жайгашкан Эркештам чек ара пунктунда 187 метр узундуктагы көпүрө куруу каралган. Көпүрөнү кытай тарап куруп, курулуш аяктагандан кийин Кыргыз Республикасынын аймагында аткарылган бардык иштер кыргыз тарапка өткөрүлүп берилет.
«Макулдашууну ратификациялоо Кытай менен Кыргызстандын ортосундагы соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүүгө, эки өлкө ортосундагы жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташууга болгон суроо-талапты канааттандырууга шарт түзөт», - деди баяндамачы.
Талкуу маалында депутат Исхак Масалиев долбоордун жалпы суммасына, курулуштун аяктоо мөөнөтүнө кызыкты. Баяндамачы объектти ушул жылдын жазында пайдаланууга берүү пландалып жатканын билдирип: «Долбоордун суммасы 120 миллион кытай юанын түзөт», - деп кошумчалады.
Жыйынтыгында комитет мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды.
