Баткенде "Агрозоовет – 2025” окутуу караваны өтүүдө
Баткен облусунун Кадамжай, Лейлек жана Баткен райондорунда "Агрозоовет – 2025” окутуу караваны кезектеги жыйынтыктоочу окутуусун өткөрүүдө. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен кабарлашты.
Окутуу караванынын максаты өсүмдүк өстүрүү жана мал чарба тармагын адистештирүүдө прогрессивдүү технологияларды жайылтуу болуп саналат.
Ошондой эле айыл чарба продукцияларын өндүрүүнүн сапатын жана көлөмүн арттыруу, кирешелүү жана экспорттук суроо-талапка ээ болгон айыл чарба өсүмдүктөрүнүн жаңы сортторун өстүрүү, сапаттуу үрөндөр менен камсыз кылуу, аларды заманбап агротехникалык талаптарга ылайык окутуу.
