Таалайбек Ибраев: Кытай Кыргызстанда 500 миллион доллардан ашуун каражат сарптап, эки чоң долбоорду ишке ашырууга даяр
Кыргызстан-Кытай кызматташтыгынын алкагында, 2025-жылы энергетика тармагында бир катар ири долбоорлор ишке ашып баштайт. Бул тууралуу энергетика министри Таалайбек Ибраев Биринчи радионун эфиринде билдирди.
Эске салсак, президент Садыр Жапаров жетектеген кыргыз делегациясы 4-7-февралда Кытай Эл Республикасында мамлекеттик сапар менен болду.
Таалайбек Ибраевдин айтымында, Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда эки чоң долбоор ишке ашуу алдында турат, алар: 300 мегабайттык шамал жана 300 мегабайттык күн станцияларын куруу. Бул станциялар Кытайдын Shenzhen Energy мамлекеттик компаниясы тарабынан курулат, аталган компания учурда соода биржасында иштеп турган компаниялардын бири.
«Биз келишимдерге кол коюп келдик. Ага ылайык, Жумгал районундагы Кызарт ашуусуна станциялар курулат. Бул келишимдерге кол коюу бир жылга созулду, анткени бул мамлекеттик компания болгондуктан, экономикалык жагын абдан кылдат карашты, салган акчабызды чыгара алабызбы, биз чыгарган энергияны албай коюшпайбы деген өңдүү маселелердин үстүндө талдоолорун жасашты. Буга чейин кытайлык адистер келишип, Кызарт ашуусунда болушуп, шамалдын ылдамдыгын, күндүн табын байкаштырып, анан ал аймакты жактырып кетишкен. Ошону менен бул келишимге президент Садыр Нургожоевичтин Пекинге болгон мамлекеттик сапарынын алкагында, кол коюлду», – деди Ибраев.
Ал белгилегендей, бул эки долбоорго абдан чоң суммадагы акча бөлүнөт: 500 миллион доллардан ашуун. Долбоор жакшы иштеп кетсе, Кытай тарап каражатты 1 миллиардка чейин көбөйтүүнү пландап жатат.
Ошондой эле, Талаайбек Ибраевдин айтымында, Кытайга болгон сапарда буга чейин кызматташуу жаатында макулдашылган кытайлык бир катар компаниялардын жетекчилери менен дагы жолугушуулар болгон. Алар долбоорлорду даярдап, экономикалык-техникалык негиздемесин жазып бүтүшкөн. Министр белгилегендей, бул долбоорлордун негизинде, ушул жылдын март айында, май айында жана июнь-август айларында бир катар курулуштар башталуу алдында турат.
«Биз ал компаниялардын жетекчилери менен жолугуп, курулушту качан башташаарын тактадык. Анткени, биз кийинки кышка карата канча электр энергиясын ГЭСтерден, канчаны шамал, күн станцияларынан алабыз, канча электр энергиясын импорттошубуз керек деген өңдүү план түзүшүбүз керек. 2027-жылга карата жетишпей жаткан электр энергиясын жабышыбыз зарыл. Бул долбоорлордун документтерди даярдаганга 1-1,5 жыл убакыт кетип, ишке ашыруу убактысы быйылкы жылга туура келди», – дейт энергетика министри.
Ибраев белгилегендей, жогоруда айтылган долбоорлордон сырткары дагы Кытай менен биргеликте ишке ашчу долбоорлордун чоң тизмеси бар. Анын ичинде Папан суу сактагычына курулчу чакан ГЭС, Балыкчы шаарына кире бериш жерге курулчу 400 мегабайттык күн станциясы ж.б. каралган.
