Бишкекте агроөнөр жай форуму өтөт
Бишкекте 28-29-30-31-январь күндөрү "Агро-Диалог 2025" аталышындагы агроөнөр жай форуму өтөт. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирет.
Форумда республиканын бардык дыйкан-фермерлери, айыл чарба тармагынын ар бир багыты боюнча ийгилик жараткан чемпиондор жана ишкерлер менен баарлашып, мыктылар өз тажрыйбасын ортого салышат.
Талкуунун жыйынтыгында агроөнөр жай тармагында өнөктөштөрдү табууга өбөлгө түзүлүп, ишкерлер бизнесин өнүктүрүүгө жана өз продукциясын сыртка экспорттоого мүмкүнчүлүктөр жаралат.
Иш-чара:
- 28-январь Өсүмдүк өстүрүү
- 29-январь Мал чарбасы
- 30-январь Кайра иштетүү жана экспорт багытында кызыктуу талкуу болот.
- 31-январь Жыйынтыктоочу бөлүгү уюштурулат.
Өтө турчу жери К.И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университети. Башталышы саат 10:00дө. Ал эми жыйынтыктоочу бөлүгү А.Малдыбаев атындагы Улуттук опера жана балет театрында өтөт.
