Кыргызстандын ИДПсы 2026-жылдын январында 125,7 млрд сомду түздү
17 февраль

Кыргызстандын ИДПсы 2026-жылдын январында 125,7 млрд сомду түздү

Кыргызстандын ички дүң продукциясы 2026-жылдын январь айында алдын ала баалоо боюнча, 125,7 миллиард сомду түзүп жана 2025-жылдын январь айларына салыштырмалуу 9 пайызга өстү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирет.

Өнөр жай өндүрүшүнүн өсүшү 2025-жылдын январь айына салыштырмалуу жыгач жана кагаз буюмдарын, полиграфия ишмердүүлүгүнүн продукциясын (1,8 эсеге), резина, пластмасса буюмдарын жана курулуш материалдарын (1,7 эсеге), химиялык продукцияны (38,9 пайызга), транспорт каражаттарын (36,1 пайызга), тазаланган мунай продуктыларын (21,1 пайызга), тамак-аш продуктыларын (анын ичинде суусундуктарды) жана тамеки буюмдарын (13,6 пайызга), фармацевтикалык продукцияны (8,9 пайызга), негизги металлдарды (6,0 пайызга), ошондой эле пайдалуу кендерди казууну (37,7 пайызга) өндүрүүнүн көлөмүнүн жогорулашы менен камсыз кылынды.

Курулуш тармагында оң тенденциялар байкалды, анда көлөмдөрдүн өсүшү 25,7 пайызды түздү, дүң жана чекене соодада – 21,1 пайызды, ошондой эле айыл чарбасында - 3,5 пайызды түздү.