
Кыргызстандын ак ниет ишкерлеринин Реестри түзүлдү
Кыргызстандын ак ниет ишкерлеринин Реестри түзүлдү, деп билдирет Экономика министрлигинин маалымат кызматы.
Реестрге төмөнкү ишкердик субъекттери киргизилген:
1) МЧК “Алайку Органикс”;
2) МЧК “Альянс Алтын”;
3) МЧК “Кул Брос”;
4) МЧК “Айко-Сейко”;
5) МЧК “Ажи Сервис”;
6) ЖАК “Кока-Кола Бишкек Боттлер”;
7) МЧК “Бай Дыйкан”;
8) ЖАК “Демир Кыргыз Интернэшнл Банк”.
Реестрге кирген ишкер төмөнкү артыкчылыктарга ээ:
1) медиа-жарнак үчүн Кыргыз Республикасынын мамлекеттик телеканалдарынан акысыз обо убактысын алат;
2) салык жана бажы кызматтарын кезексиз алат;
3) Кыргыз Республикасынан эл аралык көргөзмөлөргө, жарманкелерге, форумдарга акысыз катышат;
4) Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык жүргүзүлүүчү текшерүүлөрдү кошпогондо, Кыргыз Республикасынын ак ниет ишкерлеринин реестрине киргизилген учурдан тартып мамлекеттик контролдоочу органдар тарабынан үч жылга текшерүүдөн бошотулат;
5) мамлекеттик кредиттөө программаларын ишке ашыруунун алкагында жеңилдетилген каржылоону алат.
Реестр Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин расмий сайтында “ишкерлик” бөлүмүндө жайгаштырылган.