
Жалал-Абаддын аймагына эки асма жол куруу долбоору талкууланды
Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев Кытайдын “Кытай Эл аралык экономикасы-Цзянсу провинциясынын техникалык тобунун” директорунун орун басары Юань Ган баштаган курам менен жолугушту.
Облустагы өкүлчүлүктөн кабарлашкандай, тараптар инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууну талкуулады.
Тилек Текебаев облустун туризм тармагын өнүктүрүү максатында, Базар-Коргон районунун Арстанбап-Ата айыл аймагындагы “Кичи шаркыратма-Жаңы-Базар” участкасындагы 2 чакырым аралыгына жана Жалал-Абад шаарынын Курорт аймагына асма жол куруу долбоорун сунуштады.
Ошондой эле, жолугушууда Таш-Көмүр шаарында цемент заводун куруу жана Жалал-Абад шаарынын таштанды таштоочу жайындагы калдыктарды кайра иштетүү менен электр энергиясын өндүрүү долбоорлорун ишке ашырууну 2025-2026-жылдарга карата баштоо тууралуу сөз болду.
Жыйынтыгы менен тараптар өз ара кызматташуу боюнча меморондумга кол коюшту.