Беш жылдын ичинде республикада дизель жана мазут чыгаруу 1,5 эсе кебейду
27 декабрь

Беш жылдын ичинде республикада дизель жана мазут чыгаруу 1,5 эсе кебейду

Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча, Мунайзат продуктуларына болгон республикалык суроо-талап негизинен импорт менен толукталат.

2023 - жылы 125,7 миң тонна дизелдик отун өндүрүлгөн, бул өткөн жылга салыштырмалуу 9,0% көп, ал эми 2019-жылга салыштырмалуу 1,5 эсе көп. Мында анын импорт боюнча келип түшүүсү 2019-жылга салыштырмалуу 22,1% азайды жана 417 миң тоннаны түздү.

Автоунаа бензини 25,8 миң тонна өндүрүлдү, бул мурунку жылга салыштырмалуу 6,2% көп, ал эми 2019-жылга салыштырмалуу дээрлик 75,0% аз. Өткөн жылга салыштырмалуу анын импорттук жеткирүүлөрү 14,6%  азайып, ал эми 2019-жылга салыштырмалуу  тескерисинче 1,8% өскөн.

2023 - жылы 175 миң тоннадан жакыны күйүүчү мазут өндүрүлгөн, бул 2019-жылга салыштырмалуу 1,5 эсе көп, ал эми өткөн жылга салыштырмалуу - 6,5% көп.

Жалпысынан 2023-жылы отун катары түздөн-түз керектөөгө дизелдик отундун жалпы керектөөсүнүн 80%,  85%  унаа бензининин жана 19,7% күйүүчү мазуттун сарпталган.

Республиканын авиациялык керосинге болгон муктаждыгы импорттук жеткирүүлөрдүн эсебинен толук канааттандырылат.

2023-жылы чийки мунайзат ресурстарынын жалпы көлөмүнүн 311,9 миң тоннасы же дээрлик 97% казып алууга туура келген. Өндүрүш керектөөлөр үчүн материал катары дээрлик 310  миң тонна мунайзат же жалпы бөлүштүрүүнүн 99,4% жакыны керектелген.