Ноокен районунда 2286 тонна пахта жыйналды
19 сентябрь

Ноокен районунда 2286 тонна пахта жыйналды

Ноокен районунун дыйкандары быйыл пахтадан мол түшүм алышууда, деп билдирет Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы. 

Маалыматка ылайык, айыл чарба эмгекчилери Казакстан мамлекетинен жергиликтүү ишкер тарабынан сатып алынган 2 даана заманбап «JOHN DEERE» пахта жыйноочу комбайнды иштетишүүдө. Бул техника 1 гектар аянтты бир күндө жыйнап берүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болуп, дыйкандардын эмгегин бир топ жеңилдетти.

Пахта терүү иштери Ноокен районунун Дооронбек Садырбаев айыл аймагындагы Масы айылында башталды. Комбайндын ыңгайлуулугу жана ылдамдыгы жергиликтүү эл тарабынан жогору бааланууда.

Дыйкандардын айтымында, быйылкы түшүмдүүлүк жогору болуп, бир гектардан орто эсеп менен 40–45 центнерге чейин пахта алынууда. Жалпы райондо быйыл 2597 гектар жерге пахта эгилген, бүгүнкү күнгө карата 2286 тонна пахта жыйналды. Ал эми пахтанын базар баасы учурда 1 кг үчүн 72–73 сомду түзүүдө.

Жыйналган түшүм пахта тазалоочу заводдорго жөнөтүлүп, кайра иштетилгенден кийин ички рынокко жана негизинен Кытай, Иран жана Европа мамлекеттерине экспорттолуп келет. Бул аймактагы айыл чарбасын өнүктүрүүгө, кошумча жумуш орундарын түзүүгө жана калктын кирешесин арттырууга чоң өбөлгө болууда.

Айыл чарба адистеринин айтымында, жаңы техниканын колдонулушу эмгек өндүрүмдүүлүгүн жогорулатып, дыйкандарга убакытты үнөмдөөгө жана чыгымды кыскартууга жардам берүүдө.