“Кумтөр" ишканасынын жетекчиси алмашты
“Кумтөр Голд Компани” жабык акционердик коомунун президенти Алмазбек Барыктабасов кызматтан кетип, анын ордуна Бузурман Субанов дайындалды. Бул тууралуу ишкананын расмий сайтында маалымдалат.
Ошондой эле төрт вице-президенттин үчөө алмашканы маалым болду: Дмитрий Долматовдун ордуна Каныбек Кошоков, Кубанычбек Турдукожоевдин ордуна Бакытбек Майлиев, ал эми Канатбек Кадыровдун ордуна Улукмырза Абакиров дайындалды.
“Кумтөрдүн” вице-президенттеринин бири Талайгүл Букарбаева гана ордунда калган.
Ачык булактарда Бузурман Субанов тууралуу дээрлик маалымат жок. “Кумтөрдүн” жетекчиси болгонго чейин “Кыргызалтын” ишканасынын төрагасынын орун басары болуп иштеп турганы гана белгилүү.
