МБК бажы төлөмдөрү боюнча жылдык планды аткарды
26 декабрь

МБК бажы төлөмдөрү боюнча жылдык планды аткарды

Мамлекеттик бажы кызматы 2024-жылга бажы кызматы үчүн 121 миллиард сом өлчөмүндө кирешелердин такталган болжолун бекиткен, ал үстүбүздөгү жылдын 24-декабрына карата толугу менен аткарылды. 

Ведомстводон билдиришкендей, ушул күнгө карата чогултулган бажы төлөмдөрүнүн көлөмү 2023-жылдын жылдык кирешесинен 9,5 миллиард сомго ашты.

Белгилей кетсек, 2024-жылга 117 миллиард 356,5 миллион сомду түзгөн кирешенин баштапкы болжолу - 2024-жылдын 13-декабрында мөөнөтүнөн мурда аткарылган.

Бажы кызматы: