2025-2029-жылдарга органикалык өндүрүштү өнүктүрүү программасынын долбоору коомдук талкууга коюлду
Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасында 2025–2029-жылдарга карата органикалык өндүрүштү өнүктүрүү программасын бекитүү жөнүндө» токтомунун долбоорун (мындан ары – Программа) иштеп чыгып, коомдук талкууга сунуштайт.
Программа органикалык продукция өндүрүүчүлөр үчүн мамлекеттик колдоо аркылуу укуктук, экономикалык жана социалдык жагымдуу шарттарды түзүүгө багытталган. Кыргызстан органикалык айыл чарбасын өнүктүрүүгө уникалдуу табигый-климаттык шарттарга ээ:
- таза экосистема;
- тоолуу жана тоо этектериндеги аймактарда экологиялык таза топурак жана суу ресурстары;
- агрохимикаттарды аз колдонгон салттуу айыл чарба ыкмалары;
- биологиялык ар түрдүүлүк;
- жогорку экспорттук потенциал. Азыркы учурда сертификацияланган органикалык айыл чарба жерлеринин аянты 63 000 гектарды түзөт, бул жалпы айдоо жерлеринин 5,25%ына туура келет.
2025–2029-жылдарга карата максаттар:
- Сертификацияланган органикалык айдоо жерлеринин аянтын 200 000 гектарга чейин көбөйтүү (3 эсеге)
- Органикалык өндүрүштүн үлүшүн айыл чарбанын жалпы көлөмүндө 25%га жеткирүү
- Экспорттук рынокторду кеңейтүү жана органикалык продукциянын экспорттогу үлүшүн 25%га чейин жогорулатуу Негизги иш-чаралар:
- Ысык-Көл жана Нарын облустарын толугу менен органикалык дыйканчылыкка өткөрүү боюнча пилоттук долбоорду ишке ашыруу
- Органикалык өндүрүштүн артыкчылыктары боюнча кеңири маалыматтык кампания жүргүзүү
- Органикалык продукцияны кайра иштетүү жана логистика системасын өнүктүрүү
- Органикалык продукцияны сертификаттоочу лабораторияларды түзүү
Илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү жана алдыңкы технологияларды киргизүү
