11 айда өсүмдүктөрдүн карантини боюнча 52058 экспертиза жүргүзүлдү
14 декабрь

11 айда өсүмдүктөрдүн карантини боюнча 52058 экспертиза жүргүзүлдү

Өсүмдүк айыл чарба продукцияларынан карантиндик объекттерди жана жөнгө салынуучу карантиндик эмес зыяндуу организмдерди аныктоо максатында, 2024-жылдын 11 айында өсүмдүктөрдүн карантини боюнча лабораторияларына жалпы – 19 610 даана үлгү түшкөн, анын ичинен:

  • импорттук карантинге алынган продукциядан 9 137 даана үлгү;
  • экспорттук карантинге алынган продукциядан 7 655 даана үлгү;
  • изилдөө иш-чараларынан 1 648 даана үлгү;
  • кайрылулар боюнча 3 77 даана үлгү;
  • феромон боюнча 796 даана үлгү.
  • Жалпы лабораториялар 52 058 экспертиза жүргүзгөн, анын ичинен 15 түр карантиндик зыяндуу организмдер аныкталган.

Ошондой эле импорттук үрөн-көчөт материалдары боюнча 11 айда өсүмдүктөрдүн карантин боюнча лабораторияларына импорттук карантинге алынуучу продукциядан 4 728 даана үлгүсү келип түшкөн, анын ичинен 4 541 даана көчөттөн жана 187 үрөндөрдөн, карантиндик-зыяндуу организмдерди аныктоого 15 998 экспертиза жүргүзүлгөн.