Төрөбаев Балыкчыдагы элеваторго барып өндүрүштүк процесс менен таанышты
5 июнь

Төрөбаев Балыкчыдагы элеваторго барып өндүрүштүк процесс менен таанышты

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарында Балыкчы шаарында жайгашкан Мамлекеттик материалдык резервдер фондусунун Түндүк аймактык башкармалыгынын элеваторуна барып өндүрүштүк процесс менен таанышты. 

"Дыйкандардын кирешесин арттырууда жана өндүрүштү өнүктүрүп жумуш орундарын камсыз кылуу аркылуу азык-түлүк коопсуздугун камсыздоодо элеватордун орду чоң. Андыктан бул ишкананы заманбап деңгээлге көтөрүү зарыл", - деп белгиледи Бакыт Төрөбаев.

Бул элеватор 1978-жылы ишке киришкен.

Жалпы көлөмү 100 000 м.куб түзүп, 60 000 – 70 000 тонна буудай данын сактоого мүмкүнчүлүгү бар. Бүгүнкү күнү элеватор толук кандуу иштеп жатат. Тиешелүү темир жол жана кампалар жакшы абалда. 

Аталган ишкананын 2008-жылы мыйзамсыз менчикке чыгып кеткен тегирмен имараты кайра мамлекетке кайтарылып алынган. Натыйжада Ысык-Көл, Нарын областарынын жана жалпы республиканын азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу максатында бул тегирменди өндүрүмдүүлүгү суткасына 120 тонна болгон жабдык менен жаңыртуу добоору иштелип чыккан. 

Жыйынтыгында тегирменди оңдоп-түзөө жана жабдыктарын жаңыртууга каражы булактарын караштыруу боюнча чечимдер кабыл алынды.