Кыргызстан ЕАЭБ өлкөлөрүнө сүт азыктарын экспорттоону көбөйттү
17 январь

Кыргызстан ЕАЭБ өлкөлөрүнө сүт азыктарын экспорттоону көбөйттү

ЕАЭБ өлкөлөрүндө Кыргызстанда өндүрүлгөн сүт азыктарына болгон суроо талап өстү, деп билдирет Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы. 

Маалыматка ылайык, 2024-жылы өлкөдөн 33 миң тоннадан ашык сүт жана сүт азыктары экспортко чыкты. Тагыраагы, өткөн жылы эскпорттоонун көлөмү 33 374, 7 тоннаны түздү. Анын ичинен:

  • сыр - 1 451,6 тн
  • шоро - 120,8 тн
  • курут - 3,3 тн
  • каймак май - 1 881,8 тн
  • балмуздак - 4 480,1 тн
  • каймак - 660,8 тн
  • кургак сүт - 1 212,4 тн
  • пастерленген сүт - 124,0 тн

Бул өткөн жылга салыштырмалуу 3 164,5 тоннага көп. 2023-жылы Кыргызстан 30 210, 2 тонна сүт азыктарын сыртка сатыкка чыгарган.