Кыргызстан Беларусияга айыл чарба продукцияларын жеткирет
4 июнь

Кыргызстан Беларусияга айыл чарба продукцияларын жеткирет

Минск шаарында “Белагро-2025” эл аралык айыл чарба көргөзмөсүнүн алкагында 3-июнда кыргыз-беларус бизнес форуму өттү. Бул тууралуу КР ТИМден кабарлашты.

Иш-чарага Кыргызстандын жана Беларустун бизнес коомчулугунун 70тен ашык өкүлдөрү катышты.

Катышуучуларга Кыргыз Республикасынын Беларусь Республикасындагы элчиси Эрбол Султанбаев жана Беларусь Республикасынын Маркетинг жана бааларды изилдөө улуттук борборунун директору Николай Борисевич куттуктоо сөздөрү менен кайрылышты.

Түз байланыштарды түзүү жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу максатында эки өлкөнүн бизнес коомчулугунун өкүлдөрү үчүн эки тараптуу аянтчаларды уюштуруунун маанилүүлүгүн баса белгилешти.

Мындан тышкары, иш-чаранын алкагында бир катар биргелешкен келишимдерге кол коюлду, анын ичинде «Кыргыз агрохолдинг» ААКсы менен «Доброном» жабык акционердик коомунун («Копеечка», «Маяк» жана «Доброном» дүкөндөр тармагы) ортосунда Кыргызстандын айыл чарба продукциясын жеткирүү боюнча келишимге кол коюлду.

Кыргыз-Беларусь бизнес форумунун алкагында ошондой эле бир катар өнөр жай жана айыл чарба ишканаларына баруу пландалууда. Бул катышуучуларга өндүрүштүк жайлар менен таанышууга, тажрыйба алмашууга жана мындан аркы кызматташуунун мүмкүн болгон багыттарын талкуулоого мүмкүндүк берет.