Чолпон-Атада КМШнын бажы кызматтарынын жетекчилеринин кеңешинин 80-отуруму өттү
Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында 4-июнда Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө мамлекеттердин бажы кызматтарынын жетекчилеринин кеңешинин 80-отуруму өттү. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан кабарлашты.
Отурумдун катышуучуларына КР министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев куттуктоо сөзү менен кайрылды. Ал глобалдык чакырыктар шартында интеграциялык өз ара аракеттенүүнү бекемдөөнүн маанилүүлүгүн белгиледи:
“Заманбап шарттар бизден стратегиялык ийкемдүүлүктү жана туруктуу чечимдерди талап кылат. Эки маанилүү иш-чаранын — КМШ Кеңешинин жана ЕАЭБдин коллегиясынын бир аянтчада өткөрүлүшү координациянын жогорку деңгээлин жана натыйжага тараптардын бирдиктүү умтулуусун билдирет”.
КР Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Алмаз Салиев өз сөзүндө актуалдуу чакырыктарга көңүл буруп, аларга биргелешип чара көрүүнүн зарылдыгын белгиледи:
“Биз модернизациялоо, санариптештирүү жана ачыктыкты күчөтүү зарылдыгына туш болуп жатабыз. Тыгыз байланышта гана туруктуу жана коопсуз тышкы экономикалык чөйрөнү курууга мүмкүн. Бүгүнкү отурум биздин жалпы бажы тутумубузду чыңдоого багытталган жалпы мамилелерди жана практикалык чечимдерди иштеп чыгууга карай маанилүү кадам болот деп ишенем”.
Отурумга КМШ өлкөлөрүнүн бажы кызматтарынын жетекчилери жана өкүлдөрү катышты. Талкуунун жүрүшүндө негизги маселелер каралды, анын ичинде:
- Буга чейинки отурумдун чечимдерин аткаруунун жүрүшү;
- Бажыдан кийинки контролдоодо өз ара аракеттенүү жөнүндө протоколдун колдонулушун токтотуу (2012);
- гибриддик унааларды идентификациялоо боюнча тажрыйба алмашуу;
- электромобилдерди заряддоочу түзүлүштөргө карата бажы операцияларын жүргүзүү.
Катышуучулар санариптик технологияларды өнүктүрүүгө, бажы жол-жоболорун өркүндөтүүгө жана укук колдонуу практикасын чыңдоого өзгөчө көңүл бурушту.
Отурум ишкердүү жана конструктивдүү маанайда өттү. Иш-аракеттерди координациялоону андан ары чыңдоого, санариптик трансформацияны өнүктүрүүгө жана КМШ мейкиндигинде бажы кызматташтыгынын натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган макулдашылган чечимдер кабыл алынды.
