Кагазсыз текшерүү доору: Эсептөө палатасы IT-аудит системасын ишке киргизүүдө
Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы заманбап технологиялык чакырыктарга ылайык, өзүнүн маалыматтык-коммуникациялык технологияларды өнүктүрүү стратегиясын жигердүү ишке ашырууда. Башкы максат – аудит ишмердүүлүгүнө заманбап санариптик аспаптарды киргизүү жана мамлекеттик органдардын электрондук тутумдарын аралыктан текшерүү болуп саналат.
2025-жылы ведомство санариптештирүү багытында бир катар негизги иштерди аткарды:
Тармактык жана сервердик инфратуруктура толугу менен чыңдалды;
Кызматкерлердин маалыматтык технологиялар чөйрөсүн текшерүү, башкача айтканда IT-аудит жүргүзүү боюнча кесиптик компетенциялары жогорулатылды;
IT-аудитти толук кандуу киргизүү үчүн зарыл болгон эл аралык кызматташтык өнүктүрүлүп, укуктук-методологиялык жана институционалдык негиздер түзүлдү.
Бул чаралар текшерүүлөрдүн натыйжалуулугун гана арттырбастан, адамдык факторлорду азайтууга, коррупциялык тобокелдиктерди алдын алууга жана каржылык көзөмөлдүн аналитикалык компонентин күчөтүүгө шарт түзөт. Бул багыттагы иштер кийинки стратегиялык кезеңде дагы негизги артыкчылыктардан болуп кала бермекчи.
