Сабиз жана кант кызылчасынан жакшы киреше таап, чемпион аталган фермерлер
Өлкө боюнча сабиз жана кант кызылчасын өстүрүү боюнча чемпиондор аныкталды. Алар – Чүй облусунун фермерлери Магуев Сулейман жана Наматбеков Жумабек.
Сулейман мырза сабиз өстүрүп, жогорку түшүм алып келет. Ал эми Жумабек мырза кант кызылчасын өстүрүп, 1 гектардан 800 центнерден ашуун түшүм жыйнаган.
Сиз дагы ушундай жетишкендиктерди жаратып, киреше тапкыңыз келеби? Анда өсүмдүк өстүрүү жана багбанчылыкта чоң ийгиликтерди жаратып адистер жана фермерлер 2025-жылдын 28, 29, 30 жана 31-январь күндөрү саат 10:00дө К.И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинде кызыл килемден өтүп, өз тажрыйбалары менен бөлүшөт. Алар сабиз жана кант кызылчасын өстүрүүнүн заманбап технологиялары жана түшүмдүүлүктү арттыруунун сырлары тууралуу айтып беришет.
