Туризм фондунун жана Accor компаниясынын кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды
8 февраль

Туризм фондунун жана Accor компаниясынын кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды

Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунун президенти Кылычбек Рысалиев Франциянын Accor компаниясынын өнүктүрүү боюнча директору Максим Никитанов менен онлайн жолугушуу өткөрдү. Accor – дүйнөдөгү эң ири мейманкана операторлорунун бири, 110 өлкөдө 5000ден ашуун мейманкана жана 10 000 ресторанды, кафе жана барды башкарат.

Жолугушуу учурунда инфратүзүм долбоорлору, анын ичинде курортторду куруу жана Кыргызстандын туризм тармагына инвестиция тартуу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.

Accor компаниясы Sofitel жана Fairmont сыяктуу люкс брендеринен баштап, Ibis жана Mercure сыяктуу жеткиликтүү мейманкана бренддерин сунуш кылды. СНГ өлкөлөрүндө компания мейманкана тармагын активдүү өнүктүрүп, Ibis жана Mercure брендерлерин кеңейтүүнү пландаштырууда.

Жолугушуунун соңунда тараптар келечектеги кызматташтыкты талкуулоо жана конкреттүү кадамдарды иштеп чыгуу үчүн консультацияларды улантуу боюнча макулдашты.