Кыргызстанда “Климат жумалыгы” башталат
3 октябрь

Кыргызстанда “Климат жумалыгы” башталат

Кыргызстанда 2024-жылдын 7-октябрынан 11-октябрына чейин “Климат жумалыгы” өткөрүлөт. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен кабарлашты. 

Иш-чара Азербайжандын Баку шаарында өтө турган БУУнун Климаттын өзгөрүшү боюнча алкактык конвенциясынын Тараптарынын 29-конференциясына туш келди.

Климат жумалыгынын негизги максаты — Кыргызстандын климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү, глобалдык температуранын жогорулашын басаңдатуу жана орун алган кесепеттерге ыңгайлашуу аракеттерине көңүл буруу.

Жумалыктын жүрүшүндө бардык негизги катышуучулар: илимдин, жарандык коомдун, жеке сектордун жана эл аралык өнөктөштөрдүн өкүлдөрү активдүү катышат.

Жаратылыш ресурстары министрлиги мамлекеттик жана коомдук уюмдарды климаттын чакырыктары жөнүндө маалымдуулукту жогорулатуу жана адамдардын жүрүм-турумундагы оң өзгөрүүлөрдү жайылтуу максатында форумдарды, акцияларды жана көргөзмөлөрдү өткөрүү аркылуу "Климат жумалыгын" колдоого чакырат.