
Жамааттык ЖМКлардын өкүлдөрү Кыргызстандагы климаттын өзгөрүшү жана адаптациялоо жолдору боюнча тренингге катышты
Иш-чара эки негизги теманы камтыды: “Кыргызстандагы климаттын өзгөрүшү жана анын өлкө үчүн кесепеттери” жана “климаттык журналистика: аймактык деңгээлде жеткиликтүү контентти түзүү”. Тренингге Нарын, Талас, Чүй жана Жалал-Абад облустарынан, ошондой эле Бишкектен журналисттер катышты.
Тренингдин максаты журналисттердин климат маселелерин чагылдыруудагы кесиптик көндүмдөрүн жогорулатуу, ошондой эле коомчулуктун маалымдуулугун жогорулатуу жана маалымдоо аркылуу региондордун калкынын арасында климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоо боюнча иш-аракеттерге дем берүү болду. Практикалык билимдерге өзгөчө басым жасалып, климаттык маалыматтар менен иштөө жана татаал илимий темаларды жөнөкөйлөтүп, кеңири аудитория үчүн жеткиликтүү контентти түзүү көндүмдөрү окутулду. Журналисттер климаттык өзгөрүүлөрдүн кесепеттерин жана адаптация жолдорун натыйжалуу чагылдыруунун жолдорун үйрөнүштү.
Тренинг катышуучулар арасында чоң кызыгууну жаратты, алар климаттык өзгөрүүлөргө ылайыкташууда ММКнын ролу боюнча активдүү суроолорду беришти.
Иш-чаранын уюштуруучулары катышуучулардын жогорку деңгээлдеги кызыгуусун белгилеп, бул окутуу регионалдык деңгээлде сапаттуу климаттык контент түзүүгө олуттуу салым кошот жана ММКнын экологиялык маселелерди чечүүдө калкты маалымдоодогу ролун күчөтөт деген ишенимин билдиришти.
Бакыт Кожакматов, “Шапак” медиа борборунун жетекчиси - Климаттын өзгөрүшү боюнча боюнча тренинг абдан пайдалуу болду. Климаттын өзгөрүшүнүн себептери жана ага ынгайлашуу боюнча эксперт кенири маалымат берди. Ошондой эле Климаттык журналистика боюнча кенен тушунук алдым. Климат темасын кантип чагылдыруу керектиги боюнча жакшы маальматтар айтылды
Азем Кудуева, “Ак-Бакай” медиа борборунун жетекчиси - Бугунку иш-чара кызыктуу,
пайдалуу отту. Кыргызстандагы климаттын өзгөрүшүн аймактагы журналисттер кантил чагылдырсак болот экенин билип алдык.Уюштуруучуларга ыраазычылык билдирем.