Сузак районундагы Көк-Арт дарыясынан кум-шагыл алууга чектөө киргизилди
Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Көк-Арт дарыясында кум-шагыл алуу иштерине байланыштуу кооптуулук жылдан-жылга өсүүдө. Бул тууралуу облус башчысынын биринчи орун басары Нурлан Эрматов билдирди.
Анын айтымында, дарыянын нугунан өз билемдик менен жана адистердин көрсөтмөлөрүн эске албай ири көлөмдө кум-шагыл алуу айлана-чөйрөгө жана жергиликтүү тургундардын жашоосуна олуттуу коркунуч жаратууда. Натыйжада суу коргоочу тосмолор авариялык абалга келсе, Сузак району менен Жалал-Абад шаарындагы 7475 кожолукка таандык 2495 гектар айдоо жери суу алдында калуу коркунучу бар.
Ошондой эле бул жагдай Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан курулган жээк коргоочу курулмаларга зыян келтирет.
Биринчи орун басар Нурлан Эрматов лицензиясы бар ишкерлерге кайрылып, Көк-Арт дарыясынын Жыгач-Коргон айылынан Япон көпүрөгө чейинки аралыкта кум-шагыл алууга тыюу салынганын билдирди.
Алдыда тийиштүү комиссия текшерүү иштерин жүргүзүп, зыяндын көлөмү аныкталаарын, анын негизинде айып пул салынарын кошумчалады. Ошондой эле талапты бузган ишкерлерге мыйзам чегинде чара көрүлөөрүн белгиледи.
Учурда Көк-Арт дарыясында жалпы 25 ишкер 2035-жылга чейин лицензия алган. Бирок 2023–2025-жылдары кум-шагыл алууда ченемден ашпоого байланыштуу бир катар буйруктар чыгарылганына карабастан, айрым ишкерлер талапты сактабай өз алдынча иш жүргүзүп келишет.
Кооптуу участоктордун бири – Жалал-Абад–Благовещенка автоунаа жолундагы көпүрөдөн, Бишкек–Ош жолунун “Япон көпүрөсүнө” чейинки 7,6 чакырым аралык болуп саналат.
Жыйында ишкерлерге альтернатива катары Сузак районунун Кыз-Көл айыл аймагындагы Кашка-Терек жана Топурак-Бел тилкелеринен кум-шагыл алуу мүмкүнчүлүгү сунушталды.
