
Жаратылыш ресурстар министрлиги күз-кыш мезгилине даярдык көрүү боюнча рейд өткөрдү
Жаратылыш ресурстар министрлигинин Бишкек-Аламүдүн регионалдык башкармалыгынын Экологиялык техникалык көзөмөл кызматынын кызматкерлери тарабынан айрым объектилердин күз-кыш мезгиилине даярдыгын текшерүү боюнча масштабдуу рейд жүргүзүлдү.
Алсак, башкармалыктын адистери жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү менен биргеликте Лев Толстой көчөсүндө жайгашкан көмүр кампасында радиация, ал эми Көк-Жар жаңы имаратында жайгашкан «Датка» мончо комплексинде тыюу салынган буюмдардын күйүп жаткандыгы текшерилди.