
Бишкектеги Жаштар паркына бак-дарактар отургузулду
Бишкектеги Жаштар паркына бак-дарактар отургузулду, деп билдирет муниципалитеттин басма сөз кызматы.
Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын мэринин орун басары Виктория Мозгачева Индиянын Кыргызстандагы элчилиги менен биргеликте көчөт отургузуу акциясына катышты.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда шаарларды көрктөндүрүүгө жана жашылдандырууга багытталган "Жашыл мурас" улуттук программасы активдүү ишке ашырылууда.
"Жыл сайын мамлекет көчөттөрдү жана бак-дарактарды отургузуу боюнча ар кандай акцияларды өткөрөт, бул экологиялык абалды жакшыртууга жана жашоочулар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө өбөлгө түзөт", - деп айтылат билдирүүдө.
Буга чейин Бүткүл дүйнөлүк айлана-чөйрөнү коргоо күнүнө карата Индиянын премьер-министри Шри Нарендра Моди Нью-Делиде ыйык инжирдин (Пипал) көчөтүн отургузуу менен көчөт отургузуу акциясын баштаган.