КС29 алдындагы аймактык конференция: “Борбор Азияда адаптацияны пландаштыруу жана каржылоо: КС29га жол”
29 сентябрь

КС29 алдындагы аймактык конференция: “Борбор Азияда адаптацияны пландаштыруу жана каржылоо: КС29га жол”

Мындай кесепеттер экономиканын негизги тармактарына, өзгөчө айыл чарбасына зыян келтирип, аймактын туруктуулугуна коркунуч жаратып жатат. Борбор Азия мамлекеттери бул кесепеттерге каршы туруу үчүн адаптациялоо чараларын иштеп чыгуу жаатында жигердүү кызматташууда.

Талкуу үчүн негизги платформа

2024-жылдын 25-26-сентябрында Бишкек шаарында БУУнун Өнүктүрүү программасынын (БУУӨП) колдоосу менен КР Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги тарабынан уюштурулган “Борбордук Азияда адаптациялоону пландаштыруу жана адаптациялык каржылоо: КС29га жол” аттуу КС29 алдындагы аймактык конференция болуп өттү.  Бул иш чара Борбор Азиянын беш өлкөсүнөн келген БУУнун Климаттык өзгөрүү боюнча алкактык конвенциясынын улуттук өкүлдөрүн, климатты каржылоо боюнча эксперттерди, эл аралык уюмдардын жана жарандык коомдун өкүлдөрүн чогултту.

Климаттын өзгөрүшү абстракттуу коркунуч эмес, ал - биз туш болуп жаткан реалдуулук”, - деди Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов.

Климаттык коркунучтар жана кызматташтык

Кыргызстандын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов аймак мөңгүлөрдүн эриши жана кургакчылыктын тез-тез болушу сыяктуу реалдуу коркунучтарга дуушар болуп жатканын баса белгиледи. Бул өзгөрүүлөр айыл чарбасына жана суу менен камсыздоого таасирин тийгизип баштады. Кыргызстан климаттык күн тартибин эл аралык аренада алдыга жылдырып, тоолуу өлкөлөрдүн көйгөйлөрүнө көңүл бурууну күчөтүүгө чакырат.

Эл аралык уюмдардын ролу

БУУӨПтүн Кыргыз Республикасындагы Туруктуу өкүлү Александра Соловьева тоо экосистемаларын сактоо боюнча аракеттердин маанилүүлүгүн белгиледи:

Кыргызстандын экосистемаларды коргоо жана климаттык көйгөйлөрдү чечүү боюнча иш-аракеттери өз убагында жүргүзүлүп жатат. Бул конференция аймакты туруктуу өнүктүрүүдө зарыл болгон адаптациялоо чараларын талкуулоочу аянтча болуп калды”.

Дүйнөлүк банктын маалыматы боюнча, эч кандай чара көрүлбөсө, климаттык кырсыктардан болгон экономикалык жоготуулар жыл сайын Борбор Азиянын ИДПсынын 12 пайызына чейин жетиши мүмкүн.

Улуттук адаптациялоо чаралары

Кыргызстандын Жаратылыш ресурстары министри Медер Машиев БУУӨПтүн колдоосу менен иштелип жаткан улуттук адаптация планы тууралуу айтып берди. Туруктуу өнүктүрүүгө жана эл аралык милдеттенмелерге ылайык,  парник газдарынан бөлүнүп чыккан зыяндуу заттарды кыскартууга өзгөчө көңүл бурулат. Мында “Жашыл мурас” программасы жыл сайын массалык бак отургузуу кампанияларын жайылтуу менен маанилүү роль ойнойт.

Парламентарийлердин колдоосу

Жогорку Кеңештин депутаты Динара Ашимова мыйзам деңгээлиндеги адаптациялоо чараларынын маанилүүлүгүн белгиледи. Октябрь айында Борбор Азиядагы Лидер аялдардын диалогунун алкагында, климаттын өзгөрүүсү менен гендердик аспектилер жаатындагы мыйзамдарды шайкеш келтирүү маселеси талкууланат.

Аймактык координациялоо

Казакстандын экология боюнча вице-министри Мансур Ошурбаев жыйын климатты адаптациялоо жаатындагы кызматташууну бекемдей турганын белгиледи. Ошондой эле аймактын уникалдуу климаттык-географиялык шарттарына жана аракеттерди айкалыштыруу зарылдыгына токтолду. 

Мындай иш чаралар Борбор Азиянын туруктуу келечеги боюнча бирдиктүү көз караштын калыптанышын шарттайт», - деди Ошурбаев.

Климат боюнча иш-аракеттерди каржылоо

Конференциянын негизги аспектилеринин бири - Борбор Азия өлкөлөрүнө климаттык максаттарга жетишүүгө жана алардын экономикасынын туруктуулугун бекемдөөгө жардам бере турган каржы механизмдерин талкуулоо болду.

Жыйынтыктар жана алдыга жол

Конференция айыл чарбасы, энергетика, саламаттыкты сактоо жана экосистема Борбор Азия үчүн адаптациялоонун артыкчылыктуу багыттары бойдон калаарын тастыктады. Аракеттерди айкалыштыруу жана эл аралык климаттык каржылоого жетүү аймакка климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашууга жардам берет.