Балыкчыда милиция кызматкерлери ок атуучу куралдарды колго түшүрдү
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 267-беренесинин 1-бөлүмү боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Балыкчы шаардык ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан тинтүү иштери жүргүзүлдү.
Иш-чаранын жыйынтыгында Балыкчы шаарына караштуу Ак-Олон айылынын тургуну, 1994-жылы туулган З.Э.нин үйүнөн төмөнкү буюмдар алынды:
• 1 даана 12-калибрдеги сайсыз беш атар ок атуучу курал;
• 1 даана 32-калибрдеги сайсыз ок атуучу курал;
• 1 даана 12-калибрдеги ок атуучу куралдын стволу;
• 1 даана 16-калибрдеги ок атуучу куралдын стволу;
• 3 даана кундак жана цевье бөлүктөрү;
• 9 даана атууга даяр патрон;
• 55 даана бош жез патрон;
• Жапайы тоо теке жана эликтин мүйүздөрү.
Ал эми Балыкчы шаарына караштуу Боз-Бармак айылынын тургуну, 1958-жылы туулган А.К.нин үйүн тинтүү учурунда төмөнкү буюмдар табылды:
• 75 даана сайлуу ок атуучу куралдын белгисиз октору;
• 48 даана бош жез патрон;
• 1 даана аскердик темир издөөчү аппарат;
• Жапайы эликтин мүйүздөрү.
Алынган буюмдар тиешелүү экспертизадан өткөрүү үчүн Тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.
