Ветеринардык-санитардык талаптарды сактабаган субъекттерге жарым млн сомдой айып салынган
27 август

Ветеринардык-санитардык талаптарды сактабаган субъекттерге жарым млн сомдой айып салынган

Анын негизинде бүгүнкү күндө 780 субъект текшерилип, ветеринардык-санитардык талаптар жана көрсөтмөлөр аткарылбагандыктан жалпы 485 500 сом өлчөмүндө айып пул салынган.

Азыркы учурда Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин ишкердик субъекттеринин ишин текшерүү боюнча (Proverka.kg) расмий электрондук порталы аркылуу 4-кварталга райондук жана шаардык ветеринардык башкармалыктар тарабынан 1484 субъект макулдашууга даярдалууда.