Таштандыларды өрттөгөндүгү үчүн бир нече укук бузуучуларга айып салынды
25 январь

Таштандыларды өрттөгөндүгү үчүн бир нече укук бузуучуларга айып салынды

Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык инспекциясы экологиялык эрежелерди бузгандарды аныктады. Алар борбор калааны көрктөндүрүү эрежелеринде тыюу салынган таштандыларды өрттөштү.

Курулуш материалын өрттөгөнү үчүн жеке жаран А.Н.Ш. аныкталып, айыпка тартылды. Текшерүү учурунда шаар тургуну ламинаттын кесиндилерин от жагуу үчүн колдонгондугу белгилүү болду. Материал толук күйүп бүтпөгөндүктөн, таштандыны сыртка чыгарылып, курч жыттын таралышына себеп болгон. 

Экологиялык мыйзам бузуу Витебский көчөсү, 1а дарегинде катталды. Жергиликтүү жашоочу Т.Р.А. таштандыларды өрттөгөндүгү үчүн Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар кодексинин 115-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык протокол түзүлдү. 

2024-жылдын ичинде Муниципалдык инспекция 256 таштанды, башка калдыктар жана куураган чөптөрдү өрттөө учурларын каттады. Жалпы айыптардын суммасы 3 миллион сомго жакын болду.  

Урматтуу шаар тургундары жана чарбалык субъекттер! Көмүр жана отун колдонууга уруксат берилет, ал эми башка нерселерди өрттөөгө тыюу салынат. Мыйзам бузуу үчүн жеке адамдарга 7 500 сом, юридикалык жактарга 23 000 сом өлчөмүндө айып каралган.