Жаратылыш ресурстары министрлиги экологиялык агартуу иштерин күчөтүүдө
19 сентябрь

Жаратылыш ресурстары министрлиги экологиялык агартуу иштерин күчөтүүдө

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги экологиялык агартуу иштерин күчөтүүдө.

Ведомстводон билдиришкендей, аталган иштин алкагында Нарын регионалдык башкармалыгынын, К.Базарбаев атындагы Каратал-Жапырык мамлекеттик жаратылыш коругунун, Нарын мамлекеттик жаратылыш коругунун, Салкын -Төр мамлекеттик жаратылыш паркынын кызматкерлери тарабынан С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин Агротехникалык жана экономикалык колледжинин студенттерине Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин "Экология жана айлана-чөйрөнү коргоонун негиздери" темасы боюнча жана жалпы эле экологиялык көйгөйлөр жөнүндө дарс өткөрүлүп, суроо-жооптор жана талкууларду уюштурулду.

Ошондой эле, Чоң-Кемин мамлекеттик жаратылыш паркы Билим берүү министрлигинин кызматкерлери менен биргеликте Калмак-Ашуу орто мектебинин окуучулары менен экологиялык агартуу иштерин жүргүзүп, кызыктуу фото капкандардан түшкөн сүрөт жана видеолор көрсөтүштү.