
Кыргызстанда 2026-жылы шамал паркы ишке кирет
Шамал паркынын курулушун 2025-жылы баштоо пландалган. Объект колдонууга 2026-жылдын аягында берилиши күтүлүп жатат.
Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Алексей Оверчук келечектеги шамал паркына капсула салуу - бул Кыргыз Республикасынын жаңы таза энергетикасын түзүүдөгү дагы бир кадам экенин белгиледи.
"Шамал электр станциясынын курулушу жана таза шамал энергиясын колдонуу энергиянын жаңыланбаган булактарына болгон көз карандуулукту азайтат, мыкты атаандаштыкка, анын ичинде дүйнөлүк рыноктогу атаандаштыкка да шарт түзөт",- деди Оверчук.
Болочок шамал паркынын аянты 200 гектарга жетет. Электр энергиясы жылына 280 ГВт / саат иштелип чыгат деп пландалууда. Ал эми 25 жылга пландалган иштеп чыгуу жалпысынан 7 миң ГВт/саат.