Ысык-Көлгө 1 млн ашуун карп-сазан балыгынын чабактары коё берилди
19 сентябрь

Ысык-Көлгө 1 млн ашуун карп-сазан балыгынын чабактары коё берилди

Ысык-Көлгө 1 млн ашуун карп-сазан балыктарынын чабактары кое берилди. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. 

Анын ичинде: 

  • Ысык-Көлдүн №40-тилкеси, Түп суусунун куймасына - 500 миң даана;
  • Ысык-Көлдүн 7, 13-тилкелерине - 1 млн. 200 миң даана.

Жалпысынан азыркы учурга коё берилген карп-сазан балыгынын чабактагынын саны 1 миллион 700 миң даана. Алдыда дагы балыктандыруу иштери уланууда.