
Жаратылыш ресурстары министрлиги Боз-Бөлтөк тоосунун жанындагы кирпич заводдордун фильтрлерин текшерет
Аталган жыйынга Министрликтин тиешелүү түзүмдүн бөлүмдөрүнүн кызматкерлери жана Боз-Болток тоосунун аймагындагы кыш заводдордун жетечилери катышты.
Жыйындын жүрүшүндө кыш заводдордун атмосфералык абага зыяндуу заттарды бөлүп чыгаруусун минималдаштыруу, чан-газ тазалоочу орнотмолордун иштөөсү жана башка маселелер талкууланды. Жыйындын соңунда кыш заводдордун өкүлдөрү Министрликтин кызматкерлери кыш заводто орнотулга фильтрлердин эффективдүүлүгүн текшерип берүүсүн суранышты. Кеңешменин соңунда кыш заводдордун чан-газ тазалоочу орнотмолорун жеринде карап, лабораториялык изилдөөлөрдү жүргүзүү чечими кабыл алынды.