Чүй облусунда жаныбарларды жана өсүмдүктөрдү коргоо жаатындагы мыйзам бузуулар үчүн 171 миң сомдон ашык айып салынган
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин маалыматы боюнча, урук чачуу мезгилинде мыйзамсыз балык кармагандар үчүн 6 миң сом айып салынган.
Чүй районунун Кегети капчыгайында мыйзамсыз аңчылык кылгандар үчүн 12 миң 500 сом айып салынды.
Жапайы өсүмдүктөрдүн сырьесун (ендик) сатып алуу жана сатуу тартибин бузгандыгы үчүн 5500 сом айып салынган.
Ысык-Ата районунун Красная Речка айылында 108 түп ар кандай дарактарды өз алдынча кыюу фактысы аныкталып, бул мыйзам бузуу боюнча 147 миң 373 сомдук доо коюлган.
Ошондой эле, рейддин жүрүшүндө инспекторлор тарабынан өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсүн коргоо жаатындагы мыйзам бузуулардын алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.