Ат-Башыда эки тоо кийигинин этин мыйзамсыз олжологон факты аныкталды
1 декабрь

Ат-Башыда эки тоо кийигинин этин мыйзамсыз олжологон факты аныкталды

Ушул жылдын 29-ноябрында Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Нарын регионалдык башкармалыгынын инспекторлору тарабынан ыкчам маалыматтын негизинде рейддик иш-чара өткөрүлдү.

Рейддин жүрүшүндө Ат-Башы районунун Босого жайлоосунда Ат-Башы районунун Ат-Башы айылынын тургуну Б.Ш. аттуу жаран тарабынан 2 тоо кийигинин (тоо теке) этин мыйзамсыз олжологон фактысы аныкталды.

Жыйынтыгында жаран Ат-Башы райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилди.

Учурда окуя боюнча тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүп, мыйзам чегинде баа берүү иштери улантылууда.