
Ошто экологиялык абалды жакшыртуу боюнча изилдөө жүргүзүлдү
Жер кыртышынын, бак-дарактардын жана абанын абалына баа берүүнүн, ошондой эле жер көчкү, суу ташкындары жана радиациялык булгануу өңдүү өзгөчө кырдаалдардын тобокелдиктерин талдоонун жыйынтыгы боюнча Ош шаарынын экологиялык абалын жакшыртуунун натыйжалуу стратегиялары иштелип чыгат.