
Бишкекте Улуттук климаттык форум башталды
Бишкекте "КС-29га жол: климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу" улуттук климаттык форум-диалогу башталды.
Иш-чарага мамлекеттик органдардын, эл аралык уюмдардын, жарандык коомдун жана бизнестин өкүлдөрү катышууда.
Форумдун алкагында төмөнкүдөй негизги маселелер талкууланат:
- Кыргыз Республикасынын климатты өзгөртүү жаатындагы саясаты.
- Адаптациялоо чаралары жана жашыл экономиканы өнүктүрүү.
- Климаттык долбоорлорду эл аралык каржылоого жеткиликтүүлүк.
- Секторлор ортосундагы кызматташтыктын маанилүүлүгү.
Форум Кыргыз Республикасынын Бакуда өтө турган БУУ РКИК (КС-29) тараптарынын конференциясына катышуусу үчүн сунуштамаларды иштеп чыгууга мүмкүндүк берет.